Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир ишти иштөөгө баш коюу, иштей баштоо, аракет жасоо. Мичуриндин сортторун тигип, мектептин мөмөлүү бак-дарагын гүлдөтүүгө кириштик (Сасыкбаев). Дүкөнчү соода жүргүзүүгө киришти (Убукеев). Жылдызкан уйду саап коюп, тамак жасоого киришти (Байтемиров). 2. Кийлигишүү, кошула кетүү. Бирок бул окуяга эч ким киришпейт (Байтемиров). Бул ишке сиздин киришкениңиз эң туура (Жантөшев). Өз күчүнө ишенбеген адам эч ишке чечкиндүү кирише албай, турмуштук агымдан четтеп калат («Агым»).